Ош шаарында эртеңден тарта жаңы №49 муниципалдык автобус каттамга чыгат

Ош шаарында эртеңден тарта жаңы №49 муниципалдык автобус каттамга чыгат. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, ал №149 кичи автобус каттамын алмаштырат жана кыймыл схемасы өзгөрбөйт.

 

Маршрут Мады айылынын аймактык борборунан Түштүк-Чыгыш кичи районуна чейин жүрөт. Жаңы автобустук каттам   19 коомдук транспорттун аялдамасын камтыйт.