Бишкек шаарында көмүр саткандарга карата  рейд өткөрүлдү

Бишкек шаарында көмүр саткандарга карата  рейд өткөрүлдү. Муниципалдык инспекциянын башчысы Медербек Амангелдиев инспекторлор менен биргеликте көмүр саткандарга карата тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча мурда берилген көрсөтмөлөрдүн аткарылышын көзөмөлдөө үчүн объектилерди кайрадан текшерди.

 

Текшерүүнүн жүрүшүндө берилген көрсөтмөнү аткарбаган көмүр сатуучуларга протокол түзүлдү.

 

«Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 434-беренесинин 1-бөлүгү боюнча жеке ишкер Ж.Н.А. карата 13 000 сомго протокол түзүлгөн.

Экинчи эреже бузуучуга «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 114-беренесине ылайык протокол түзүлгөн. Салынган айып пулдун суммасы 3 000 сом.

Айып пул салуудан тышкары аларга тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүү берилди.

Шаар боюнча жалпысынан 38 көмүр сатуу түйүнү бар.

Белгилей кетсек, иштеп жаткан ар бир пункт Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин сактоого тийиш.