4,5 миңден ашык жумушсуз кыргызстандык кесиптик билим алышты

4,5 миңден ашык жумушсуз кыргызстандык кесиптик билим алышты. Бул тууралуу калкты иш менен камсыз кылуу мамлекеттик кызматынын порталында маалымдалды.

 

Жарандар компьютердик оператор, ашпозчу, косметолог, чач тарач, эсепчи, унаа айдоочу, слесарь, бал челекчилик жана башка кесиптерди үйрөнүштү. Анын алкагында 1-августка карата акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга дээрлик 6 миң адам жиберилди.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.