Эркин Мамбеталиевдин 5,7 млн долларлык мүлкү мамлекетке өттү

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Эркин Мамбеталиевдин 5 млн 716 миң 307 долларды түзгөн мүлкү мамлекеттин балансына өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусу боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында Э.Мамбеталиевдин төмөнкү мүлктөрү мамлекеттин балансына өттү: Ысык-Көл облусунун Өрнөк айылында жайгашкан «Эдельвейс» эс алуу борбору, Бишкек шаарындагы 3 жана 2 бөлмөлүү батир, «Lexus LX 570» жана «Dodge RAM» маркасындагы эки унаа, 3 3 гидроцикл, 3 квадроцикл жана улуттук кийизден жасалган боз үй.

 

Белгиленгендей, УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнөн мыйзамсыз алынган мүлктөрдү аныктоо иштери уланууда.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.