Кыргызстанда мүлктү онлайн камсыздандыруу кызматы пайда болот

Кыргызстанда мүлктү онлайн камсыздандыруу кызматы пайда болот. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасынын орун басары Бактыгул Абдыжалиев билдирди.

 

Анын айтымында, мындай мүмкүнчүлүк жыл аягына чейин мамлекеттик банктардын тиркемелеринде түзүлөт. Учурда адистер жаңы долбоордун үстүндө иштеп жатат. Андан кийин онлайн камсыздандыруу кызматын коммерциялык банктарга дагы киргизүү пландалууда, — деди чиновник.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.