Афганстанда жасалган суусундук Бишкектеги дүкөндөрдөн сатыктан алынууда

Афганстанда жасалган «Золотая жизнь» суусундугу Бишкектеги дүкөндөрдөн сатыктан алынууда. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мекеме текшерүү жүргүзүп дүкөн текчелеринен 7 миң 356 даана суусундукту алган.
Буга чейин мекеме аталган суусундуктун курамында балдардын жүрүм-турумуна жана көңүл буруусуна терс таасир тийгизген азорубин Е 122 боегу бар экенин маалымдап, ага ылайык, Ош мэриясы аталган продукцияны сатыктан алган.