Айдоочулардын кыжырын келтирген нерселерди немис социологдору тизмектеди. Сурамжылоого ылайык, басымдуу учурда айдоочулар бири бирин жактырбайт. Жол жүрүүдө шашып, каршы тилкеге чыгып же артынан шаштырып, жарыкты күйгүзүп-өчүргөндөр көп тил угат.
Мындай айдоочуларды сурамжылоого катышкандардын 70 пайызы атады.
Дагы 60 пайыз суралгандар тескерисинче, “таш бакадай” жай жүрүп, башкаларга тоскоолдук жараткан айдоочуларды жактырбайт.