Айсулуу Тыныбекова алгачкы атаандашын жеңди

v

Бүгүн, 9-августта Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча балбаны Айсулуу Тыныбекова 62 кг салмак категориясында алкачкы беттешин өткөрдү.

 

Олимпиаданын 8/1 финалдык беттешинде алгачкы атаандашы нигериялык Эстер Колаволе болду. Айсулуу Тыныбекова аны 4:1 эсебинде утту. Эми ал чейрек финалда күрөшөт.

 

Айсулуу Тыныбекова эркин күрөш боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону жана Азиянын алты жолку чемпиону. Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү, ар кандай эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү.

Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын (2021) күмүш байге ээси, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген спорт чебери.