Айсулуу Тыныбекова коло медал утту.
Париж Олимпиадасында кыз-келиндер күрөшүнөн 62 кг салмакта Айсулуу Тыныбекова коло байгеге ээ болду. Ал 11-августка караган түнү 3-орун үчүн болгон беттеште монголиялык Орхон Пуревдоржду жеңди (6:6).
Айсулуу ушуну менен Олимпиаданын экинчи жолку байгесине ээ болду. Токио Олимпиадасында күмүш байге алган.