Ак-Буура дарыясынын жээги боюнча комиссия түзүлдү

Ош шаарын аралап өткөн Ак-Буура дарыясынын корук аймактарында жайгашкан курулуштар, жер тилкелерин тактоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча жумушчу комиссия түзүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

 

Тийиштүү мамлекеттик органдардан түзүлгөн комиссия дарыянын жээгиндеги жер тилкелерин аныктап, анализдеп сунуш беришет.

14-июлда катуу жаандан кийин Ак-Буура дарыясы кирген. Кыян жүрүп, Оштогу борбордук базарды, чет жакадагы айылдарды сел каптаган.

Беш киши каза болуп, бир нече машинени сел агызып, үйлөр, көпүрө, жолдор жарактан чыккан. Соодагерлер чоң чыгымга учураган. Ошто жана Кара-Суу районунда жүздөгөн турак жайлар зыян тартты.

 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Ак-Буура суусунун боюна салынган мыйзамсыз курулуштар, көпүрөлөр, эс алуучу жайлар тазалана турганын айткан. Ал мыйзамсыз курулушка уруксат берген кызматкерлер жоопко тартыларын эскерткен.