Акылбек Жапаров иш сапары менен Россияга барат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 9-10-июль күндөрү иш сапары менен Россиянын Екатеринбург жана Красноярск шаарларына барат. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

 

Екатеринбург шаарында Акылбек Жапаров РФ өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен бирге «Технологиялык өнөктөштүк: эл аралык бизнестин чордону» темасында ИННОПРОМ-2024 негизги стратегиялык сессиясына катышуусу күтүлүүдө.

 

Ал эми Красноярк шаарында соода-экономикалык, илимий-техникалык жаа гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги отурумуна жана Кыргызстан-Россия региондор аралык 11-конференциясына катышат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.