Акжол Махмудов алгачкы атаандашын жеңип, кийинки баскычка чыкты

Париждеги Олимпиадада Акжол Махмудов алгачкы атаандашын жеңип, чейрек финалга чыкты.
Кыргыз балбаны грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта 1/8 баскычта АКШлык Камал Бэй менен кездешип, 4:1 эсеби менен жеңишти камсыздады.
Махмудов кийинки баскычта Алексис Муньос (Колумбия) — Демеу Жадраев (Казакстан) жубунун жеңүүчүсү менен кез келет.