Акжол Махмудов жана Үзүр Жусупбеков жубатуучу беттеште утту, эми коло үчүн күрөшөт

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыргызстандык балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 килограммга чейинки салмакта коло медал үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бере турган көңүл жубатуучу беттеште колумбиялык Алексис Муньозди 9:0 менен утуп алды.

 

Эми Акжол коло медал үчүн азербайжандык Санан Сулейманов менен беттешет. Коло медал үчүн жана финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча 22:15те башталат.

 

Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 килограммга чейинки салмакта 1/8 финалда АКШ балбаны Камал Амир Бейди 4:1 эсеби менен утуп, чейрек финалда казакстандык Демеу Жадраевге 1:3 эсебинде жеңилди. Жадраев финалга чыгып, Акжол коло медал үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.

97 килограммга чейинки салмактагы көңүл жубатуучу бөлүктө балбан Үзүр Жусупбеков АКШ балбаны Жосеф Патрик Рау 9:4 эеби менен жеңди. Эми Үзүр коло медал үчүн египетик Мохамед Габр менен беттешет.