“Ала-Тоо” аянтына кайра парламент кабыл алган туу илинди

8-январда Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтындагы флагштокко илинген желек кайра алмаштырылып, ордуна Жогорку Кеңеш кабыл алган туу илинди. Борбордук аянттагы желек алмаштырылары тууралуу алдын ала маалымат берилген эмес.

 

Аянттагы тууну алмаштыруу иш-чарасы саат тогузда болгон. Ага Министрлер кабинетинин төрасы Акылбек Жапаров жана башка өкмөт мүчөлөрү катышканы айтылууда. Азырынча расмий маалымат бериле элек.

 

Бишкектин борборунда өзгөртүлгөн туу илингени 1-январь эртең менен белгилүү болгон.

 

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Интернет колдонуучулардын суроолоруна жооп берип жатып, “туунун жаңы вариантын парламент кабыл алгандан кийин Министрлер кабинети толуктап, акыркы вариантын токтом менен бекиткенин” жазган.

Жогорку Кеңеш кабыл алган тууда күндүн кырк нуру түндүктөн өзүнчө болуп, чамгарак үчтөн төрткө көбөйтүлгөн. Мыйзамдын авторлорунун бири, депутат Улан Примов парламенттин комитетинде, жалпы жыйында да дал ушул желекти көрсөтүп, туу ушундай өзгөртүлөрүн айткан.

 

1-январда Бишкектин “Ала-Тоо” аянтына жана айрым мамлекеттик мекемелердин имараттарына илинген желекте күндүн кырк нуру түндүккө бириктирилип турат.

Декабрда Жогорку Кеңеште мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүүгө байланыштуу мыйзам кабыл алынып, ага президент Садыр Жапаров 22-декабрда кол койгон. Ал 26-декабрда мамлекеттик “Эркин-Тоо” гезитине жарыялангандан кийин күчүнө кирген.

 

Желекти өзгөртүү боюнча документти спикер Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, анын максаты “өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу” экени белгиленген. Демилге коомчулуктун нааразылыгын жаратып, эл тууну өзгөртүүгө негиз жок экенин айтып чыгышкан.

Садыр Жапаров 16-декабрда Элдик курултайда тууга өзгөртүү киргизүү демилгеси ага таандык экенин, “туудагы күн нурлары күн карамага окшош жана түндүктөгү чамгарак туура эмес” деген жүйөнү келтирген.

Кыргызстандын биринчи мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийинки жылы — 1992-жылдын 3-мартында легендарлуу парламенттин токтому менен кабыл алынган.