Ала-Тоо аянтында жаңы флагштокту орнотуу иштери аяктап калды

Ала-Тоо аянтында өлкөнүн башкы желеги үчүн бийиктиги 100 метр болгон жаңы флагштокту орнотуу иштери аяктап калды. Мэриядан кабарлашкандай, флагшток Түркиядагы заводдо жасалып, атайын жабдыктар менен жеткирилген.

 

Реконструкциялоонун алкагында 500 чарчы метр аянтка гранит такталарын төшөө да пландаштырылууда.

 

Эске салсак, борбордук аянт апрель айында эле оңдоп-түзөөгө жабылган. Ишти Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү – 31-августка чейин бүтүрүү пландалууда.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.