Алимент төлөбөгөндөр кылмыш жоопкерчилигине тартылат

Алимент төлөбөгөндөр кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Президент Садыр Жапаров “Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамына кол койду.

 

Ага ылайык, жашы жете элек балдарды багуудан баш тарткандарга, өз маянасын жашырып же азайткандарга, ишке орношуудан баш тарткандарга кылмыш жазасы каралат. Кыргызстандагы акыркы статистикаларга таянсак, өлкөдө 42 миңден ашык аталар балдарына алимент төлөөдөн баш тартып же качып жүрүшөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.