Амантур Исмаилов чейрек финалга чыкты

Бүгүн, 7-август күнү Париждеги Олимпиада оюндарынын алкагында кыргызстандык балбан Амантур Исмаилов грек-рим күрөшү боюнча 67 кг салмак категориясында алгачкы беттешин өткөрдү.

 

Ал грузиялык 28 жаштагы Рамаз Зоидзе менен күч сынашты. Ал мөөнөтүнөн мурда атаандашын 12:1 эсебинде утту. Исмаилов муну менен чейрек финалга чыкты.

Амантур Исмаилов Азия оюндарынын коло байгесинин ээси. 2022-жылдагы Дүйнө чемпионатынын коло байге ээси.

 

Париж олимпиадасынын алкагында Кыргызстандын капчыгында учурда бир күмүш, бир коло медаль бар. Кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта Мээрим Жуманазарова күмүш медаль утту, грек-рим күрөшү боюнча Жоламан Шаршенбеков 60 килограмм салмакта коло медаль уткан.