Амантур Исмаилов жарым финалга чыга алган жок

Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Амантур Исмаилов 67 кг салмак ченинде Париждеги Олимпиада оюндарынын алкагында 7-августта чейрек финалдагы беттешин өткөрдү.

 

Анын атаандашы украиналык Парвис Насибов аттуу балбан болду. Исмаилов атаандашына 6:7 эсебинде утулду.

Амантур Исмаилов 1/8 финалда грузиялык Рамаза Зоидзени 12:1 ири эсебинде жеңген.

 

26 жаштагы Амантур Исмаилов Азия оюндарынын коло байгесинин, 2022-жылдагы Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси.

 

Париж олимпиадасынын алкагында Кыргызстандын капчыгында учурда бир күмүш, бир коло медаль бар. Кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта Мээрим Жуманазарова күмүш медаль утту, грек-рим күрөшү боюнча Жоламан Шаршенбеков 60 килограмм салмакта коло медаль уткан.

Грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов менен Үзүр Жусупбеков коло медаль үчүн күрөшөт.