Өзбекстандын аймагында эки миң жыл мурдагы шаардын калдыктары табылды

Археологдор Өзбекстандын аймагында эки миң жыл мурдагы шаардын калдыктарын табышты. Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек кызматы жазды.

 

Экспедиция кытайлык адистер менен чогуу уюштурулган. Анын алкагында өзбек-кытай археологдору Узун районунун аймагынан төрт миң жылдык бейиттерди жана эки миң жыл мурдагы шаардын калдыктарын табышканы маалымдалды.

 

Казуу иштери учурунда карапа идиштер, курал, зер буюмдар, статуэткалар, шаардын мунарасынын калдыктары табылганы кабарланды.