Бүгүн Бишкекте президенттик балаты өтөт

Бүгүн Бишкекте президенттик балаты өтөт.

Кыргыз улуттук филармониясында уюштурула турган балдар үчүн салтанатка Садыр Жапаров катышат.

Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан 8 жаштан 14 жашка чейинки 1 миң 100 бала чакырылган.

Анын ичинде окуунун отличниктери, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин балдары, аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер бар.