Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында суу болбойт

Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында суу болбойт. Муниципалитеттен билдиришкендей, эртең мененки саат 10дон кечки 10го чейин Масалив – Айтматов – Садырбаев көчөлөрү менен чектелген аймакта суу берүү токтотулат. Мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу.

 

Мекеме-уюмдар жана калк ичүүчү сууну алдын ала камдап алышы керек.