Бүгүнтөн тарта Бишкектен Балыкчыга поезд күн сайын каттайт

Бүгүнтөн тарта Бишкектен Балыкчыга поезд күн сайын каттайт. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы билдиргендей, көл жээгине темир жол аркылуу  31-августка чейин жетип алса болот.

 

Жүргүнчүлөр үчүн стандарттуу, Люкс жана VIP-вагондор жеткиликтүү. Поезд Бишкектен таңкы саат 7:40 чыгып, Балыкчыга 11:46да жетет. Белгилеп кетсек, буга чейин поезд жума, ишемби жана жекшемби күндөрү каттап келген.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.