Байден президенттик жарыштан чыкканын билдирди

АКШнын президенти Жо Байден күзгү шайлоого катышпай турганын жана вице-президент Камала Харристин талапкерлигин колдой турганын жекшембиде Х (мурдагы Твиттер) социалдык тармагы аркылуу билдирди.

 

Байден менен республикачылардын талапкери Доналд Трамптын июндун аягында болгон дебатынан кийин президентти шайлоодо башка партиялашына мүмкүнчүлүк берүү чакырыктары күчөгөн.

 

Байден ал эрөөлдө атаандашынын чабуулдарына жооп кайтара албай, айрым учурларда чаташып, өз оюн да толук жеткире алган эмес.

Х (мурдагы Твиттер) социалдык тармагындагы постунда 81 жаштагы Байден бийликтеги үч жарым жылда жасаган иштерине, жетишкендиктерине учкай токтолду.