Байтик айылында “Байтик курулуш” аталышындагы керамикалык кыш завод ачылды

Байтик айылында “Байтик курулуш” аталышындагы керамикалык кыш завод ачылды.

 

Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча, ишкана суткасына 150 миң кирпич чыгарат.

 

Учурда ал жерде 50дөн ашык адам эмгектенип жатат. Капиталдык салымдардын көлөмү 9 миллион долларды түзүп, анын 1 миллион 350 миң долларын кыргыз-орус өнүктүрүү фонду берген. Өндүрүштүн жалпы аянты — 8 миң чарчы метр.