Балбан Акжол Махмудов Олимпиада оюндарында Кыргызстан курамасынын капитаны болуп шайланды

Балбан Акжол Махмудов Олимпиада оюндарында Кыргызстан курамасынын капитаны болуп шайланды.

 

Францияда Махмудов өзү 6-августта килемге чыгат. Күрөш боюнча турнир августта башталгандыктан, балбандар оюндардын ачылыш аземине катыша албайт.

 

Андыктан, өлкөнүн желегин дзюдочу Эрлан Шеров көтөрүп чыгат, — дешти министрлер кабинетинен. Эске салсак, Кыргызстан курамасында Олимпиада оюндарына лицензияга ээ болгон 16 спортчу бар.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.