Балыкчыда саркынды сууларды тазалоочу жай курулууда

Балыкчыда саркынды сууларды тазалоочу жай курулууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

 

Белгиленгендей, аталган объектте курулуш-монтаждоо иштери 2022-жылдын сентябрында башталып, керектүү тетиктер жана жабдуулар толук жеткирилген. Жумуштарды ушул жылдын август айында аяктоо пландаштырылууда.

 

Объект кабыл алынгандан кийин саркынды сууларды тазалоо боюнча функционалдык кепилдиктерди камсыз кылуу үчүн ишке киргизүү жумуштары башталат.