Башкы прокурордун орун басарлары алмашты

Садыр Жапаровдун буйругу менен башкы прокурордун биринчи орун басары Улукбек Султанов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Мамлекет башчынын дагы бир буйругу менен башкы прокурордун биринчи орун басарлыгына Баймурза Маатов дайындалды. Ошондой эле, баш прокурордун орун басарлыгына Малик Бектурганов дайындалды.