Баткен облусунда мөмө-жемиштерди кайра иштетүү боюнча 2 муниципалдык цех пайда болот

Баткен облусунда мөмө-жемиштерди кайра иштетүү боюнча 2 муниципалдык цех пайда болот. “Кабар” жазгандай, объекттин курулушу Ак-Татыр айылында башталды.

 

Долбоорду ишке ашыруунун сметалык баасы 22 миллион сомду түзөт. Ишкана күнүнө 8 тоннага чейин мөмөнү кургатып, таңгактоо кубаттуулугуна ээ болот. Андан тышкары, Баткен районунун Дара айылында атайын муздаткычы менен муниципалдык логистикалык цехтин курулушу уланууда.