Баткен облусунун Көк-Терек айылында сел көпүрөнү агызып кетти

Баткен облусунун Көк-Терек айылында сел көпүрөнү агызып кетти. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, өтмөк Достук – Ак-Сай жолунда жайгашат. Айыл чектеш аймакта орун алгандыктан, коңшу өлкө менен транспорт байланышы убактылуу үзгүлтүккө учурады.

 

Тажик тарап менен көпүрөнү биргелешип калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

 

Ведомстводон кошумчалашкандай, Айгүл-Таш – Согмент – Таян, Сох – Кан – Зардалы жана Ош – Баткен – Раззаков унаа жолдору кыймылга бир тараптуу ачылды. Жолчулар тазалоо иштерин улантууда.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.