Баткен облусунун Кадамжай районунда №41 мектептин курулушу уланууда

Баткен облусунун Кадамжай районунда №41 мектептин курулушу уланууда.

 

Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, объект 275 окуучуга чакталып, Көк-Талаа айылында жайгашат.

 

Имарат эки кабаттуу окуу корпусунан, спортзалдан жана галереядан турат. Учурга карата курулуш иштеринин 60 пайызы аткарылды. Мектеп окуучуларга каалгаларын ушул жылы ачат деп пландалууда.