Баткен районунун Кара-Булак айылында сай тазаланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, сел өткөрүүчү сайды тазалоо иштерине атайын тартылып, учурда жумуштар аяктоо алдында турат.
Аталган тилкедеги тазалоо иштери жыйынтыкталса, Кара-Булак айылындагы 60 турак үй, 1 миң 500 метр ички чарбалык арык жана 2 миң метр ички чарбалык жол кооптуулуктан корголот.