Баткен шаарына өрүктүн инсталляциясы орнотулду

Баткен шаарына өрүктүн инсталляциясы орнотулду. Бул тууралуу шаар мэринин орун басары Акылбек Орозов маалымдады.

 

Анын айтуусунда, инсталляция эропортко жакын жерге жайгашты. Демилгени жашоочулар көтөрүп, жергиликтүү бийлик колдоого алган.

 

«Сырттан эч кандай демөөрчүлөр жок, жалаң карапайым калк, классташтарыбыз уюштурдук. Баткен шаарына эстелик, кийинки муунга эстелик болсун деген максатта орноттук. Жалпы чыгымы 1 млн сомго жетти» , — деди уюштуруучу Пазыл Султанмуратов.