Баткенде 500 тонна жемишке ылайыкталган логистикалык борбор курулууда

Баткенде 500 тонна жемишке ылайыкталган логистикалык борбор курулууда.

 

Президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, долбоорду ишке ашыруунун жалпы суммасы 18 миллион 800 миң сомду түздү, каражатты Баткен облусун өнүктүрүү фонду, Дара айыл өкмөтү жана эл аралык уюм бөлүп берди. Жыл аягына чейин беш муздаткычтуу ишкананын эки муздаткычы ишке берилилет.

 

Логистикалык борбордун курулушу менен аймактагы айыл чарба кооперативдердин мөмө жемиштерин сактоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.