Баткенде кыргыз-тажик Чек ара кызматтарынын башчылары жолугушту

Баткенде Кыргызстандын жана Тажикстандын Чек ара кызматтарынын жетекчилери жолугушту.

Кыргызстандын Чек ара кызматы билдиргендей, тараптардын сүйлөшүүсүндө кыргыз-тажик чек арасындагы абал, өз ара кызматташуу маселеси талкууланды.

Уларбек Шаршеев менен Раджабали Рахмоналинин жолугушуусунда ошондой эле 2023-жылы биргелешкен комиссиянын ишин улантуу, эки өлкөнүн жарандарынын мүлкүн кайтарууну тездетүү, чек арадагы абалды курчуткан чагымчыл аракеттерге жол бербөө аракетин көрүү чечими кабыл алынды.

Ага Баткен жана Тажикстандын Согд облусунун жетекчилери да катышты.