Баткендеги «Алга кадам» ирригациялык долбооруна дагы 150 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, каражат мамлекет тарабынан ажыратылган.
Эске салсак, учурда элдин демилгеси менен Ак-Суу дарыясындагы суудан Кадамжай шаарынын аймагында жайгашкан Кара-Жантак участкасындагы 4 миң 200 гектар жерди өздөштүрүү үчүн сугат суу менен камсыздоо боюнча жаңы канал куруу долбоору ишке ашырылууда. Магистралдык каналдын жалпы узундугу 29,805 км, анын ичинде 3 тоннель бар, тоннелдин жалпы узундугу 6 миң 535 метр. Долбоордун алкагында 25 гектар өнөр жай зонасы жана кубаттуулугу 15 млн м3 жана 3 млн м3 болгон эки суу сактагыч болот.
Долбоорго ылайык, жалпы суу пайдалануучулардын саны 7 миң 600 кожолукту түзөт.
Объекттин болжолдуу баасы 3 млрд сом. Бүгүнкү күндө 720 млн сомдук жумуштар аткарылды. Анын 400 млн сому президенттин фондунан жана республикалык бюджеттен каржыланды. Элдин салымы 107,0 млн сомду түздү.