Баткендин бир районуна, үч айылына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Мындай кырдаал учурда Кадамжай районунда күчүндө. Андан тышкары, Лейлек районунун Катраң жана Лейлек айыл аймактарына, Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагында селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жаткандыктан өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.
Алдын ала маалымат боюнча, сел 47 турак үйдү, 110 короо-жайды, 5 социалдык обьектти, бир кичи футбол аянтчасын жана ички чарбачылык жолдорду каптады.