Бекзат Алмаз уулу жубатуучу беттеште утту, эми коло үчүн күрөшөт

Париж Олипиадасында эркин күрөштөн 57 килограммга чейинки салмакта кыргызстандык балбан Бекзат Алмаз уулу көңүл жубатуучу беттеште кытайлык Цзоу Ванхао туше менен утуп алды.

 

Эми ал коло медал үчүн өзбек балбаны Гуломжон Абдуллаев менен күч сынашат. Коло медал үчүн жана финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча 22:15те башталат.

 

Бекзат Алмаз уулу 1/8 финалда казакстандык Мейрамбек Картбайды 4:1 эсебинде жеңип, бирок чейрек финалда АКШ балбаны Спенсер Ричард Лиге жеңилген. Спенсер Ричард Ли финалга чыкканына байланыштуу Бекзат коло медал үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.

 

24 жаштагы эркин күрөш балбаны Бекзат Алмаз уулу Олимпиадага алгач ирет катышып жатат. Ал Бишкекте өткөн Азия чөлкөмүнөн Олимпиадага тандоо мелдешинде жеңүүчү болуп, Париж Олимпиадасына жолдомо алды (2024-жыл, апрель). 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатынын алтын (2023-ж.) жана күмүш байгелеринин ээси (2022-ж.). 23 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпионатында (U23) эки жолу коло байге уткан (2022,2023).

Учурда Кыргызстандын капчыгында Париж Олимпиадасынын бир күмүш, үч коло медалы бар. Буга чейин кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта Мээрим Жуманазарова күмүш медалга ээ болду. Коло байгелерди грек-рим күрөшүнөн 60 килограммга чейинки салмакта Жоламан Шаршенбеков, 77 килограммга чейинки салмакта Акжол Махмудов, 97 килограммга чейинки салмакта Үзүр Жузупбеков утушту. Бир күмүш, үч коло медалы менен Кыргызстан 71 өлкөнүн арасынан 65-орунда баратат.