Бийлик көп кабаттуу үйлөрдү куруу боюнча жобо даярдап жатат

Бийлик көп кабаттуу үйлөрдү куруу боюнча жобо даярдап жатат.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолугушуусунда белгилүү болду.

Документке ылайык, курулуш компаниялары баштаган үйдү толук куруп бүтүүгө милдеттендирилет.

Ошондой эле курулуш толук аяктамайынча батирлерди сатууга тыюу салынат.

Эске салсак, Кыргызстанда мамлекеттик органдардын уруксаты жок курулуп жаткан 90го жакын көп кабаттуу үй бар экени Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде айтылган.