Бийлик жана ишкерлер нандын баасын туруктуу кармоо боюнча макулдашты

Бийлик жана ишкерлер нандын баасын туруктуу кармоо боюнча макулдашты. Экономика, Айыл чарба министрликтери, Монополдукка каршы жөнгө салуу кызматы жана ун иштетүү тармагындагы ишканалар ортосунда макулдашуу жетишилди.

 

Келишим рынокту сапаттуу жана жеткиликтүү баадагы ун менен, ал эми малды тоют менен камсыздоого багытталат.

 

Андан тышкары, ишканалар өлкөнү керектүү көлөмдө ун менен камсыздап, нандын баасын турукташтырууга милдеттендирилди. Макулдашуу жыл аягына чейин күчүндө болот.