Бир катар облустарга жаңы прокурорлор дайындалды

Кыргызстандын бир катар облустарында жаңы прокурорлор дайындалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, башкы прокурору Максатбек Асаналиевдин буйругунун негизинде, Чүй облусунун прокурору болуп Шүкүрбеков Азизбек Шарипович, Ысык-Көл облусунун прокурору болуп Каримов Эмирбек Каримович, Баткен облусунун прокурору болуп Молдокматов Абай Молдокматович, Нарын облусунун прокурору болуп Кубатидинов Абдирашит Кубатидинович, Талас облусунун прокурору болуп Расулов Мирбек Алишерович, Жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө прокурору кызматына Уркунбаев Эмилбек Жолдошалиевич дайындалды.

 

Башкы прокурор Максат Асаналиев жаңы дайындалган жетекчилерге мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылууда өз милдеттерин жогорку деңгээлде аткаруу талабын коюу менен бирге, жооптуу кызматтарында албан ийгиликтерди каалады.

 

Аталган жетекчилер эмгек жамааттарына тааныштырылып, өз милдеттерин аткарууга киришти.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.