Бишкек – Анкара – Бишкек багыты боюнча биринчи жолу үзгүлтүксүз авиакаттам ачылат.
«Манас» эл аралык аэропортунун маалыматына караганда каттамды түркиялык авиакомпания аткарат.
Аталган багыт боюнча учуулар жумасына 4 жолу — дүйшөмбү, шаршемби, ишемби, жекшемби күндөрү аткарылат.
Ал эми август айынан тарта самолет жүргүнчулөрдү күн сайын ташыйт.