Бишкек — Балыкчы каттамында VIP купе ишке кирет

Эртеңден тарта Бишкек — Балыкчы каттамында VIP купе ишке кирет. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасы билдирди.

 

Маалыматка ылайык, вагондо жумшак дивандары бар алты купе, кең стол, панорамалык терезелер, электрондук шаймандарды кубаттоо үчүн USB жана Type-C туташтыргычтары, аудиостереосистема, аба муздатуу аппараттары болот.

 

Интерьер улуттук стилде жасалган. Бул вагондо саякат жүргүнчүлөрдүн уюшкан топтору үчүн арналат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.