Бишкек бийлиги муниципалдык автобус-троллейбус айдоочулары арасында жаңы жылдык жасалгага сынак жарыялады. Демилге шаар тургундарына жаңы жылдык маанай тартуулоо максатын көздөйт.
Жыйынтыктар 29-декабрда чыгарылат, алдыңкы 3 орунга акчалай сыйлыктар каралат. Белгилеп кетсек, муниципалдык автобус-троллейбустар жыл сайын жаңы жылга карата жасалгаланып келет.