Бишкек көчөлөрүн оңдоо иштерине байланыштуу 2 троллейбустук каттам өзгөртүлдү. Мэриянын маалыматына ылайык, №7 троллейбус Киев, Абдрахманов, Валиханов, Анкара көчөлөрү менен жүрсө, №5 троллейбустук каттам Тунгуч кичи районунан Батыш автобекетине чейин убактылуу каттайт.
Белгилеп кетсек, учурда Байтик Баатыр, Ахунбаев көчөлөрүндө капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө.