Бишкек менен Чүйдү газдаштырууга тогуз млн сом насыя берилди

Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштырууга тогуз млн сом насыя берилди. Бул тууралуу Фианансы министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, газдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында «Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо-2» долбоору ишке ашырылууда. Белгиленгендей, насыялоонун көлөмү 1 млрд сомду түзөт.

 

«2024-жылдын 4-июлуна карата бул долбоордун алкагында республиканын 66 каржылоо субъекттерине 9,05 млн сом суммасына жеңилдетилген кредит берилген», — деп айтылат маалыматта.

 

Эске салсак, жеңилдетилген насыя «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» ААК ктарабынан берилүүдө.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.