Бишкек шаарынын мэриясы ичүүчү суу менен жашыл жерлерди сугарууга, короо-сарайларды, килемдерди, унааларды жууп тазалоого катуу тыюу салынарын эскертти.
Эгер суу эсептегич болсо түнкү саат 00:00дөн таңкы 05:00гө чейин жашыл жерлерди сугарууга уруксат берилери айтылды.
Мэрия тарабынан такай текшерүү жүргүзүлүп, мыйзам бузуулар аныкталса, укук бузуулар жөнүндө кодексинин 119-беренесине ылайык 1000 сом өлчөмүндө айып салынат.
Калкты ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында мэр Айбек Жунушалиев 2023-жылдын ноябрында «Бишкексууканал» ишканасына тиешелүү иштерди күчөтүлгөн режимде жүргүзүүнү жана бардык аракеттерди таза суу менен камсыздоону жакшыртууга багыттоо тапшырмасын берген.
Ага ылайык, жасалма толтурулган 9 көлдүн түбү жана жээги тазаланып, Орто-Алыш суу алгычынын аймагында 10чу ушуга окшогон көлдү түзүү боюнча иштер жүргүзүлдү.
Адышев көчөсүнө суу түтүктөрү курулуп, Көк-Жар суу алгычтын аймагына жаңы насостук станция орнотулду. Бул иштер Орто Алыш суу алгычындагы жүктү азайтуу максатында жүргүзүлдү.
“Бишкексууканал” ишканасы да Орто-Алыш суу алгычындагы кудуктардагы кумду тазалоо иштерин жүргүзүүдө.
Ошондой эле «Башкара-Суу» суу алгычында 5 скважина бургулоо иштери жүрүп жатат. «Северный» суу алгычында эки скважинаны бургулоо аяктады.