Бишкек-Ош унаа жолу тазаланып, каттам эки тараптуу ачылды

Бишкек-Ош унаа жолу тазаланып, каттам эки тараптуу ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, трасса бүгүн таңкы саат 8ге карата толук тазаланды.

 

Эске салсак, кечээ аталган унаа жолдун 374-375-чакырымында нөшөрлүү жаандан улам сел жүрүп, кулаган таштар жолду жаап калган. Жеринде түнү менен куткаруучулар жана Жарандык коргонуу кызматтары тарабынан жалпы 5 техника тартылып, тазалоо иштери жүрдү.