Бишкек – Ош унаа жолунда кар көчкүдөн тосмолор пайда болот

Бишкек – Ош унаа жолунда кар көчкүдөн тосмолор пайда болот. Унаа жана жолдор министрлиги Япониядан келген инвесторлор менен келишим түздү. Ведомстводон билдиришкендей, ашууларда кар көчкүлөр көп түшөт.

 

Унаа кыймылынны коопсуздугун камсыздоо үчүн япониялык тарап Кыргызстанга гранттык негизде 7,5 миллион доллар бөлүп берди.

 

Бул каражатка Төө-Ашууда жана Ала-Белде атайын тосмолорду куруу пландалууда. Дарбазалардын жалпы узундугу 4 миң метрден ашса, бийиктиги 3-4 метрди түзөт. Иштер 2027-жылы жыйынтыкталат.