Бишкек – Ош унаа жолунда кырсыктарды алдын алуу үчүн дрондор колдонулуп жатат

Бишкек – Ош унаа жолунда кырсыктарды алдын алуу үчүн дрондор колдонулуп жатат.

 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, Бишкек-Ош трассасында дрон менен жол эрежесин бузгандар аныкталууда.

 

Техника тесттик режимде иштеп жатат. Дрон аркылуу карама-каршы тилкеге чыккандар, унаадан туура эмес ашып өтүү сыяктуу бузуулар катталып жатат. Эске салсак, 14-июлдан тарта дрондор аркылуу Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда байкоо жүргүзүлө баштаган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.