Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болушу күтүлөт

Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болушу күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

 

Маалыматка ылайык, бүгүн күндүн биринчи жарымында ордо калаада жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

 

Жарандарга сак болуу сунушталат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.